Билим берүү министри Г.Кудайбердиева өзү билим алган мектептин акыркы коңгуроо салтанатына катышты (сүрөт)

// Пресс-служба МОН

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү билим алган мектептин акыркы коңгуроо салтанатына катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Г.Кудайбердиева Баткен облусунун Лейлек районундагы Ю.Гагарин атындагы орто мектептин акыркы коңгуроо майрамында болду.

«Мен бул мектепти аяктагам жана өзүмдүн биринчи мугалимим али эсимде», - деди ал.

Министр бүтүрүүчүлөргө жашоодон өз ордун табуусун каалады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up