Акыркы коңгуроо: Алайда 1 миң 210 окуучу 9-классты, 745 бүтүрүүчү 11-классты аяктоодо

Билим АКИpress - Алай районундагы 53 мектепте акыркы коңгуроо үнү жаңырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондогу мектептерде билим алган окуучулардын саны 14 миң 760 болсо, анын ичинен 1 миң 210 окуучу 9-классты, 745 окуучу 11-классты аяктоодо.

Райондо 53 мамлекеттик жана 1 менчик мектеп бар. Анын ичинен 2 мектеп гимназия макамына ээ болгон.

Мектептердеги акыркы коңгуроо салтанатына Алай районунун акими Замирбек Молдокулов баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, педагогикалык жамаатты жана бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо менен аларга ак жол каалашты.

Ушундай салтанаттуу иш-чаралардын бири Кадырмамат уулу Абдразак атындагы мектеп-интернатта өткөрүлдү. Ага райондун акими З.Молдокулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Шарабидин Ибраимов, РИИБдин башчысы Алиязбек Мырзалиев, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбек жана ардагер мугалимдер катышышты.

Салтанатты ачкан мектеп-интернаттын директору Талант Калдыбаев жетишкен ийгиликтер тууралуу айтып, быйыл 12 окуучу 11-классты жана 39 окуучу 9-классты ийгиликтүү аяктап жатышканын билдирди.

Аким З.Молдокулов бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилектерин айтып, мектеп жамаатына ийгилик каалады. Ошондой эле ишинде өзгөчөлөнгөн мугалимдерге раймамадминистрациянын ардак грамоталарын тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө эң мыкьы окуган окуучулардын жана спорт жаатында облус жана республика боюнча ийгилик жараткан спортчулардын салтанаттуу жүрүшү өттү.

Мыкты окуган жана олимпиадаларда ийглиликке жетишкен окуучулар грамоталар менен сыйланышты.

Андан сырткары, мектепти мындан 20 жыл мурун бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу болуп, алар мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында интерактивдүү доска жана проектор белек кылышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up