Акыркы коңгуроо: Кара-Суудагы №80 мектептин мыкты мугалимдери менен окуучуларына стипендия тапшырылды (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Ош облусунун Кара-Суу районундагы №80 Х.Тажиматов атындагы орто мектебинде акыркы коңгуроо майрамы белгиленди. Бул тууралуу аталган мектептин директору М. Пайзилдаев билдирди.

Маалыматка караганда, салтанаттуу кечеге Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн, Нариман айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, окуучулар жана 200дөн ашык ата-энелер катышты.

Иш-чарада демөөрчү Л.Тажиматова тарабынан «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты кабинети», «Жылдын мыкты усулдук бирикмеси» сынагынын жеңүүчүлөрүнө «өтмө желекче» жана 2000 сомдон акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жана эң жакшы окуган окуучуларга да стипендиялар ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up