Сүрөт — Ак-Талаада акыркы коңгуроо салтанатын кандай белгилешти?

// АКИpress

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 18 орто мектепте акыркы коңгуроо аземи салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мектептердеги салтанаттуу иш-чараларга мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө алдыңкы окуучуларга, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө, эл аралык жана республикалык мелдештерде жеңишке жетишкен спортчу окуучуларга жана мугалимдерге ардак грамоталар, ыраазычылык каттар ыйгарылып, бүтүрүүчү окуучуларга ак жол каалашты.

Ал эми акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Максат Чоробеков алыскы Жерге-Тал айылындагы И.Молдобаев атындагы орто мектебинин акыркы коңгуроо аземине катышып, мектептин көмөкчү чарбасы, жаңы түзүлгөн алма багы жана заманбап үлгүдө жасалган ашканасы менен таанышты. Андан соң алдыңкы окуучуларга жана мугалимдерге сыйлыктар тапшырылып, айыл өкмөтү тарабынан белектер ыйгарылды.

Салтанаттуу иш-чаралар чакан концерттик программалар менен коштолду.

Ак-Талаа району боюнча 11-классты 419 окуучу аяктап, алардын арасынан 2 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болушту. Ал эми 9-классты 604 окуучу аяктап, анын ичинен 24 окуучу «кызыл» күбөлүккө татыктуу болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up