Акыркы коңгуроо: Оштогу №1 А.Федченко мектебинин салтанатына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты (cүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарынын №1 А.Федченко атындагы орто мектебинде акыркы коңгуроо майрамы белгиленди. Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов баштаган эл өкүлдөрү С.Мирзаев жана Д.Абдурасулов катышты.

Алар бүтүрүүчүлөрдү мектепти аякташы менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдиришти.

Иш-чарага ошондой эле Амир-Темир аймагынын жашоочулары, ата-энелер жамааты, мектеп окуучулары катышып, конокторго бүтүрүүчүлөрдүн майрамдык программасы тартууланды.

«Мамлекттин келечегине жана шаарыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошууда жаштардын орду чоң. Ал үчүн терең билим алуу жана мекенчил жаштардын катарына кошулуу зарыл», - деди Ж.Ормонов

Аталган мектепке ноутбук тапшырылып, чыгармачыл мугалимдер Ош шаардык кеңешинин ардак грамоталары менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up