Акыркы коңгуроо: Кош-Дөбө айылынын бүтүрүүчүлөрү мектеп менен коштошту (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектебинде «Кош бол, ыйык мектебим!» аталышындагы салтанаттуу линейка болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын алкагында 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылып, мектептин алдыңкы окуучуларына сыйлыктар тапшырылды. Салтанатка райондук билим берүү бөлүмүнөн, Ак-Талаа райондук «Кыргыз почтасы» бөлүмүнөн, райондук ички иштер бөлүмүнөн өкүлдөр келип катышты.

Аталган мектепте 11-классты 66 бүтүрүүчү аяктап жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up