«Күчтүү болуп, өзүңөргө ишенгиле, кыялдануудан коркпогула», - А.Өмүрбекова бүтүрүүчүлөргө кеңеш берди

Билим АКИpress - Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарынын А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясындагы акыркы коңгуроо салтанаттуу линейкасына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

А.Өмүрбекова өз сөзүндө бардык бүтүрүүчүлөрдү өкмөттүн атынан мектепти ийгиликтүү аяктоолору менен куттуктап, аларга бардык пландарынын жана баштоолорунун ишке ашырылышын каалады.

«Бүгүн силер үчүн акыркы коңгуроо кагылат. Бул чындап эсте калуучу жана жаркын майрам. Окууну аяктоо силердин жашоодогу жетишкендиктериңердин бири гана. Мектеп менен кош айтышып жатып, өз өмүрүңөрдө маанилүү кадам жасайсыңар. Ошондуктан күчтүү болуп, өзүңөргө ишенгиле, кыйынчылыктарга баш ийбей, кыялдангандан коркпогула, өз талантыңарды жигердүү көрсөткүлө. Силердин тырышчаактыгыңардан, максаттуулугуңардан биздин келечегибиз, өлкөнүн келечеги көз каранды», - деп белгиледи ал.

«Кээ бириңер жергиликтүү жогорку окуу жайларда окууну улантасыңар, айрымдарыңар чет жакта окуйсуңар. Бирок силер алган билимиңерди жана жөндөмүңөрдү өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн пайдаланасыңар деп ишенем», - деп кошумсалады вице-премьер бүтүрүүчүлөргө туура жол тандоого тилектештигин билдирип.

А.Өмүрбекованын маалыматы боюнча, республика боюнча мектепти 60 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктап жатат. «Мен алардын ар бири өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо алат деп ишенем. Силердин мектепте Мар Байжиев, Гүлсара Ажибекова, Чыңгыз Айдарбеков сыяктуу көрүнүктүү инсандар окуган, алар учурда Кыргыз Республикасына эмгек сиңирип келе жатышат. Белгилүү дарыгер Мирсаид Миррахимов республиканын саламаттык сактоо кадрларын даярдоого зор салымын кошуп, 100дөн ашуун доктор жана илимдин кандидаттарын даярдаган», - деди ал.

Салтанаттуу иш-чарага ата-энелер, мугалимдер жана ардактуу коноктор катышышты. Куттуктоо сөздөрүнөн кийинаАкыркы коңгуроо кагылып, бардык катышууучулар жана меймандар үчүн майрамдык концерт тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up