Кемин районунда 473 окуучу мектеп менен коштошту (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Кемин районунда 11-классты 473 бүтүрүүчү, ал эми 9-классты 763 окуучу аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маалымдалды.

Анын маалыматы боюнча, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Шаршеналиев К.Шаболотов атындагы Кара-Булак орто мектебинин акыркы коӊгуроо салтанатына катышып, окуучуларга куттуктоо сөзүн айтып, ийгилик каалады. Ошондой эле мектепти ийгиликтүү аяктагандарга белектерин тапшырды.

Райадминистрациянын башчысынын орун басары Айгүл Курманалиеванын айтымында, аталган мектеп райондо алдыңкы мектептердин бири.

«К.Шаболотов атындагы Кара-Булак орто мектеби райондогу алдыӊкы мектептердин катарында турат жана окуучулар предметтик олимпиадаларга ийгиликтүү катышып, жалпы республикалык көптөгөн кароо-сынактарда, спорт тармагында байгелүү орундарды алып келишет. Мектептердеги акыркы коӊгуроо иш-чараларына райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери бекитилип, жер-жерлердеги майрамдарга катышып, райондук жетекчиликтин атынан куттуктоолорду айтып, белектерин тартуулашты. Ошондой эле мектепти 10-20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр өздөрү окуган мектептерге ар түрдүү белектерди тапшырышты», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up