Кеминдеги «Жооптуу бол» сынагында «Алтымыш» мектеби 71 миң сомдук байге утту (сүрөт)

Билим АКИpress - Кемин районунда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан «Жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун колдоосу жана Швейцария өкмөтүнүн каржылоосу менен швейцариялык өнүктүрүү боюнча биргелешип иштөө башкармалыгы пландаган «Жооптуу бол» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Сынакка Кемин районундагы 29 орто мектептин арасынан 27 орто мектеп катышып, сынак 1 ай бою жүргүзүлдү. Ар бир балага атайын чакыруу баракчалары да таратылган.

Райондо 9 миң 90 окуучунун ичинен 2 миң 283 окуучу жоопкерчилик менен аталарын, агаларын медициналык кызматкерлердин кароосунан өткөрүшкөн. Иш-чара мектеп жамааттары, айылдык ден соолук комитеттери, жергиликтүү ФАПтын кызматкерлери, ошондой эле ата-энелер менен биргеликте өткөрүлдү.

Жыйынтыгында долбоордун байгелерине төмөнкү мектептер татыктуу болушту:

- 1-орун — «Алтымыш» негизги мектебинин окуучулары 137 упай менен жалпы баасы 71 миң 107 сомду түзгөн ноутбук, проектор жана экран алды;

- 2-орун — «Нур» орто мектебинин окуучулары 113 упай менен баасы 21 миң 970 сомдук муздаткыч алышты;

- 3-орун — М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектеби 91 упай менен менен баасы 19 миң 990 сомду түзгөн музыкалык аппарат («Sony GTK-XB7») алышты;

- 4-орун — К.Шаболотов атындагы Кара-Булак орто мектеби 89,3 упай менен баасы 20 миң сомдук китеп жыйнагын алды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up