Сүрөт — Ат-Башыда акыркы коңгуроо майрамы кандай белгиленди?

// АКИpress

Билим АКИpress - Ат-Башы районундагы 21 орто мектепте акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди. Майрамдык иш-чараларга мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар, мугалимдер жана окуучулар катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттын жүрүшүндө алдыңкы окуучуларга, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө, мелдештерде жеңишке жетишкен спортчу окуучуларга жана мугалимдерге ардак грамоталар, ыраазычылык каттар ыйгарылып, бүтүрүүчү окуучуларга ак жол каалашты.

Акыркы коңгуроо үнү жаңырып, салтанат музыкалык номурлар менен, келген меймандардын каалоо-тилектери менен коштолду. Конок катары ардактуу эс алуудагы мугалимдер да чакырылган.

Ат-Башы районундагы мектептерде 9-классты 942 окуучу бүтүп жатса, анын ичинен 34 окуучу артыкчылык күбөлүккө талапкер болгон. 11-классты 539 бүтүрүүчү аяктап жатса, 13 бүтүрүүчү «кызыл» аттестатка талапкер болду. Алардын арасынан 7 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up