Ноутбук, сыналгы жана телефон. Жумгалда мыкты окуучулар айыл өкмөттүн белектерин алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөтү акыркы коңгуроо аземинде алдыңкы окуучуларга баалуу белектерди тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Рахат Жумуков буга чейин Ш.Садыбакасов атындагы мектепте өткөн «Бирге окуйбуз» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул сынакка жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Сынактын жыйынтыгы:

- 1-орун — Нурбек кызы Алтынай — ноутбук;
- 2-орун — Нурбек уулу Аманбек — сыналгы;
- 3-орун — Үмөтбеков Жаныбек — уюлдук телефон;
- 4-орун — Чынтемир кызы Рыскүл — уюлдук телефон;
- 5-орун — Болотбек кызы Акылай — уюлдук телефон;
- 6-орун — Кубан кызы Аяна — китеп.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up