Нарындагы мектепти «Алтын тамга» аттестаты менен бүтүп жаткан А.Мирбекова өкмөт башчыга белек тапшырды (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебин «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты менен бүтүп жаткан Айдай Мирбекова премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге белек тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өкмөт башчы Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган мектептеги акыркы коңгуроо салтанатына катышкан. Ал мектептин бүтүрүүчүлөрү менен кол алышып, аларды куттуктаган. Бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, аларды келечектин даңгыр жолуна даярдап, билим берген мугалимдердин бийик ролун баса белгилеп, терең ыраазычылыгын билдирди.

Быйыл аталган мектепти 207 бүтүрүүчү аяктады. Анын ичинен 68 окуучу 11-классты, 139 окуучу 9-классты бүтүрүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up