Терек айылындагы мектепте 9-классты 5 окуучу, 11-классты 5 окуучу бүтүрүштү (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылынын К.Молдобасанов атындагы орто мектебинде жалпы 205 окуучу билим алды. Анын ичинен 5 окуучу 11-классты, 5 окуучу 9-классты аяктап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган мектепте өткөн акыркы коңгуроо салтанатында куттуктоо сөзүн сүйлөгөн бийлик өкүлдөрү бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты. Ошондой эле мектепти эң жакшы аяктаган окуучуларга демөөрчүлөр жана айылдык кеңеш тарабынан стипендиялар тапшырылды.

Район боюнча «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына 2 окуучу татыктуу болсо, алардын бирөө — ушул мектептин бүтүрүүчүсү Алтынбек кызы Айдай.

Акыркы коңгуроо салтанатында 11-класстын бүтүрүүчүлөрү мугалимдерге каалоо-тилектерин жолдошуп, ыр ырдашып, мектепке эстеликке Калый Молдбасановдун портретин белек кылышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up