Токмоктогу окуучулар аскердик спорттук оюндар боюнча күч сынашты (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Токмок шаарындагы атайын багыттагы «Скорпион» 52806 аскер бөлүгүндө «Зарница» аскердик спорттук оюндары ѳткѳрүлдү.

Уюштуруучулардын айтымында, бул оюнду чоң аталар менен чоң апалар мектеп курагында ойношкон. Ал кезде мектептерде баштапкы аскердик даярдык деп аталган сабак өтүлсө, азыр аскерге чейинки даярдык деген сабак өтүлүп келет. Бирок экөөнүн маңызы бир — Мекенди коргоону үйрөтүү.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду №1 гимназиянын отряды, 2-орунду №12 мектептин отряды жана 3-орунду №3 мектептин отряды жеңип алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up