Кеминдеги 20 жылдык бүтүрүүчүлөр Б.Юнусалиев мектебине заманбап 8 отургуч орнотуп беришти (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районундагы Б.Юнусалиев атындагы мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди. Анда 1998-1999-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү, 20 жылдык мааракенин ээлери мектептин алдына заманбап 8 отургуч орнотушту. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

«1998-1999-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү, 20 жылдык мааракенин ээлери мектептин алдына заманбап 8 отургуч орнотуп, «Жаш инспекторлор отрядына» 8 даана костюм тиктирип беришти. Ошондой эле Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында «Кемин келечек» фонду тарабынан айыл өкмөттүн колдоосу менен мектептин алдына таш таман (брусчатка) төшөлдү», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up