Жалал-Абаддагы 2 мектепте акыркы коңгуроо кагылды

Билим АКИpress - Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинде акыркы коңгуроо кагылды.

Иш-чарага профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков, шаардык мэриянын өкүлү К.Шерматов жана шаардык ЖКККБнын башчысы Т.Рахманов катышты.

М.Мамасыдыков мугалимдерди, бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктап, 2018-2019-окуу жылында ийгиликке жетишкен мугалимдерге, окуучуларга ардак грамоталарды жана белектерди тапшырды.

Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын Р.Санатбаев атындагы №9 инновациялык мектеп-гимназиясында акыркы коңгуроо майрамы белгиленди.

Аземге Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К.Акунов, өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси И.Масабиров жана Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Р.Алтымышов катышты.

К.Акунов акыркы коңгуроо майрамы менен жалпы билим берүү кызматкерлерин жана бүтүрүчүлөрдү куттуктап, калоо-тилегин айтып, профсоюздук кыймылды өркүндөтүүгө салым кошуп жаткан кызматкерлерге шаардык комитеттин ардак грамотасын жана белектерин тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up