Бүтүрүүчү-2019: Караколдо 5 «Алтын тамганын» бирин алган Адинай дарыгер болууну кыялданат

Билим АКИpress - Каракол шаарындагы №1 инновациялык мектеп-гимназиясын Адинай Исмаилова «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты менен аяктап жатат, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Исмаилова 2001-жылы 13-декабрда төрөлгөн. Беш бир туугандын эң кенжеси. Ал химия, биология сабактарын жакшы окуйт.

«Бала кезимден ак халат кийип, адамдарды дарылагым келет. Ошондуктан химия, биологияны жакшы көрөм. Бош убактымда фортепианодо ойногонду жактырам. Ар кандай иш-чараларда бийлейм. Ошондой эле спорттун волейбол түрү менен машыгам», - дейт ал.

Ал артыкчылык аттестат алуу үчүн сынактан оңой өткөнүн айтты.

«Мен суроолор абдан оор болот го деп күткөм. Химия сабагынан абдан жакшы даярдангандыктан анча оор болгон жок. 9-класстан тарта мен тарыхты көп окуйм. Андыктан сынакта бул дагы мага жардам болду. Математика жана орус тили боюнча суроолор базалык билимдин негизинде түзүлүптүр. Мен үчүн сынак оңой эле болду», - дейт Адинай.

Ал бул ийгилиги ата-энесинин эмгеги экенин айтып, аларга ыраазычылык билдирди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up