Бүтүрүүчү-2019: Военно-антоновкалык Ширин «Алтын тамга» аттестатын алат

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс гимназиянын бүтүрүүчүсү Ширин Сейитбекова «Алтын тамга» тестирлөөсүнөн ийликтүү өтүп, артыкчылык аттестатына татыктуу болду. Бул тууралуу гимназиянын директору, билим берүүнүн отличниги Лира Сыдыкова аймактык кабарчыга билдирди.

Окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлгөн гимназияны быйыл 58 окуучу аяктап жатат. Алардын ичинен кыргыз класстын бүтүрүүчүсү Ширин Сейитбекова билими жогору экенин тастыктады.

«Окуу-тарбия комплекс гимназиябыз бул окуу жылында көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Ага мисал катары бүтүрүүчүбүз Ширин Сейитбекованын жараткан ийгилигин сыймыктануу менен айтуубуз абзел. Ал окууда гана эмес, коомдук иштердин да активдүү уюштуруучусу. Келечекте дарыгер болууну самап жүргөнүн, квиллинг мастер-классына катышып, кол өнөрчүлүгүн арттырып жүргөнүн класс жетекчиси Улана Кадырова толкундануу менен айтып келет. 25-майдагы акыркы коңгуроо салтанатында Ширин кенже класстын окуучуларын жетелеп, коңгуроо какканы биздин мектебибиздин тарыхында да алтын тамгалар менен жазылып калат», - деп айтып берди Л.Сыдыкова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up