Москва районундагы бөбөктөр аскерлердин жашоосу менен таанышты

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районундагы «Солнышко» бала бакчасынын жамааты «Аскерлердин бир күндүк жашоосу» аттуу саякат уюштурду. Бул тууралуу аталган бала бакчанын башчысы Жазгүл Ахматова аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, Садовое айылындагы 86123 аскер бөлүгүнө бала бакчанын кызматкерлери, ата-энелер жана тарбиялануучулар саякат жасашкан.

«Биз аскер кызматкерлеринин милдетин билебиз. Бирок алардын жашоосу менен сырттан гана тааныш экенбиз. Жаш бөбөктөр алардын кийген кийимине, жүрүм-турумуна өзгөчө кызыгат эмеспи. Кээде алардай болуп басууну каалашат. Ошондуктан алардын таанып-билүү жөндөмүн арттыруу максатында «Аскерлердин бир күндүк жашоосу» аттуу саякат уюштуруп, алардын бир күндүк жашоосу менен тааныштык.

Бизди Садовое айылындагы 86123 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери өзгөчө жылуу маанайда тосуп алышты. Милициянын полковниги Зарипа Молдошева бөбөктөрдү жетелеп, аскерлердин бир күндүк жашоосу менен тааныштырды. Ошондой эле коопсуздук эрежелерин, өрт, сел, жер титирөө кырдаалдарынан сактануунун айрым ыкмаларын үйрөтүштү. Балдарыбыз болсо аскер техникаларын көрүштү. Мындай иш-чараны ата-энелер кубануу менен кабыл алышты», - деп айтып берди Ж.Ахматова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up