Кара-Көл шаарында «Келгиле окуйбуз» жайкы окуу лагери уюштурулду

Билим АКИpress - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайкы окуу лагери уюштурулду. Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназияда 19 класстын ичинен 385 окуучу катышты.

Окуу жөндөмүн күчөтүү максатында USAIDдин «Келгиле окуйбуз» долбоору боюнча берилген 190 адабий көркөм китептер таркатылып берилип, ар бир класс жетекчилери менен бирдикте «Ким тез окуйт». «Жомок бизде мейманда», «Окуганымы айтып да, аткарып да бере алам» жана башка долбоордун негизинде окуу көндүмдөрүн колдонушту.

Фрунзе атындагы №3 орто мектепте 739 окуучудан 690 окуучу катышты.

№4 Шопоков атындагы орто мектепте 10 класстын ичинен 210 окуучу катышты. «Келгиле окуйбуз» долбоорунан берилген китептерди окушту, окуган жомокторун инсценировка кылып аткарып беришти.
Тулебердиев атындагы №2 ЖББИМте 19 класстан 370 окуучу катышты. «Келгиле окуйбуз» долбоору боюнча берилген китептерден аңгеме, жомокторду окуп беришип, жомоктогу каармандарды чагылдырып сүрөтторду тартышты.

№7 Мамытов атындагы башталгыч мектепте жайкы лагерде 16 окуучу катышып жатат. Жомок, аңгемелерди окушту.

№5 Хуриев атындагы орто мектептин окуучулары катышып, «Келгиле окуйбуз» долбоору боюнча берилген китептерден аңгеме, жомокторду жана кыргыз эл жомокторун окуп жатышат. Ата энелер да активдүү катышып, балдары менен биргеликте окулган китептердин мазмунун талкуулап жатышат. Лагерь балдардын таза абада эс алуусун да камсыздап, түшүнүп окуусун, китепке болгон сүйүүсүн арттырууда.

Темиров атындагы №6 орто мектепте жалпы 47 окуучу катышууда. «Алтын жана кумуш жомоктор» китебинен жомокторду окуп жатышат.

Бабаканов атындагы №8 башталгыч мектебинде 16 окуучу Окуу лагерине катышып, кызыктуу жомок китептерди окуп, түшүнүгүн айтып берип өтүүдө.

Кара-Көл шаарында жалпы 1854 окуучу жайкы окуу лагерине катышып, өздөрүнүн жайкы эс алуусун кызыктуу китептерди окуп, түшүнүгүн айтып берүүгө шыктанып уйрөнүшүп, ошондой эле аткаруу чеберчиликтерин да өздөштүрүүгө уйрөнүп, көнүлдүү эс алуу менен өткөрүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up