Кара-Көлдө окуучулар аскер шаймандарын колдонууну үйрөнүштү

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарындагы окуучулар аскер шаймандары менен таанышып, аларды колдонуу ыкмаларын үйрөнүштү. №718 аскер бөлүктөн билдиришкендей, 28-майда шаардагы окуучулардын патриоттук сезимин күчөтүү максатында окуу-методикалык жыйындар өткөн.

Окуу-методикалык сабакта аталган бөлүктүн офицерлери күнүмдүк аскер жашоосунда колдонулуучу 7,62 мм Калашников автоматынын түзүлүшү жана колдонуу жолдору, мотоаткычтар бөлмөсү чабуулда жана коргонууда, жардыргычтардын (граната) түзүлүштөрү жана радиациялык-химиялык коргонууда дп-22, ВПХР жана ИД шаймандары менен иштөөнү үйрөтүштү. Аталган иш-чара шаардык мэрия жана аскер комиссариатынын жардамы менен уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up