«Менин апам – мугалим»: 3 муунду окутуп, бүтүндѳй ѳмүрүн мугалимдикке арнаган Урумпаша Гайыпова

Урумпаша Гайыпова
Урумпаша Гайыпова
// АКИpress

Урумпаша Гайыпова 48 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап, балдарга билим берип келет. Ал 3 муунду тарбиялаган, билим берген мугалим. Анын ишмердүүлүгү, эмгек жолу, кесибине тиешелүү сапаттары тууралуу кызы Гүлнара Акылбекова айтып берди.

«Дүйнө жүзүндө баш-аягы 40 миңдей кесип бар. Алардын айрымдары жоголуп бара жатса, айрымдары жаңыдан гана пайда болууда. Ал эми кээ бир кесиптер өзү өзгөрбөсө дагы, заманга жараша аталыштары өзгөрүүдѳ. Булардын ичинде ар бир адамды балалык кезинде таң калтырган, суктандырган кесиптин ээси — бул мугалим.

Мугалимдин кадыр-баркы ѳзүнүн ишмердүүлүгүнѳн, билиминен, адамгерчилигинен кѳз каранды деп айтаар элем. Сѳзүм куру болбошу үчүн далил катары кай жерде болбосун сый үстүндѳ жүргѳн апам жѳнүндѳ сѳз кылгым келет. Ооба, менин да апам мугалим, болгондо да апам — өз кесибин сүйгөн, чыгармачыл, өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасаган уюштургуч, зор кадыр-баркка ээ болгон мугалим. Менин апам — үч муунду тарбиялаган, билим берген мугалим.

Совет доорундагы чоң ата, чоң энелерди, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы ата-энелерди, азыркы мигранттардын балдарын окутуп-тарбиялап, бүтүндѳй ѳмүрүн, жаштыгын, күчүн, эмгегин мугалимдикке арнаган апам жѳнүндѳ сѳз болсун.

Менин апам — Гайыпова Урумпаша Азимжановна. Ал 1954-жылы 15-июлда Баткен районуна караштуу Самаркандек айылында туулган. 7 жашынан орус тилдүү мектепте 7-класска чейин окуп, 1970-1971-окуу жылында 10-классты Самаркандек орто мектебинен жалаң «5» деген баалар менен аяктаган.

1971-жылы август айында «Жаштар» комсомолдук бригадасы уюштурулуп, 1973-жылга чейин ал жакта иштеген. 1973-жылы апрель айында Баткен районундагы «В.И Лениндин 100 жылдыгы» совхозунда комсомол комитетинин, каттоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. 1975-жылы август айында Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинде сырттан окуп баштап, ошол эле жылы партияга кабыл алынган (партбилети бар мугалим ал кезде эң чоң жетишкендик, зор сыймык болчу). 1976-жылы 15-январда Самаркандек орто мектебине математика мугалими жана партком катары билим берүү жолунда ѳз ишин баштаган, 1981-жылы жогорку билимге ээ болгон.

Апамдагы өз ишине жоопкерчиликтүүлүк, уюштургуч жана лидерлик сапат ошол мезгилдеги комсомол уюмунун, партиянын саясатынан калыптанса керек.

1981-жылдын 6-февралынан Ю.Гагарин атындагы мектепте, 1986-жылдан бери азыркы Тургунбай Садыков атындагы орто мектебинде (мурунку «Ак-Татыр» жана «XXVII партсъезд») үзүрлүү эмгектенип, алгач бир нече жыл директордун тарбия иштери боюнча орун басары, андан соң окуу бѳлүмүнүн башчысы катары иш алып барды. Бул жылдар эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарына туш келип, мугалимдер ѳз кесибин таштап, кѳр тирлик үчүн чет ѳлкѳгѳ, айрымдары базарга соодага чыгып кеткен мезгил болчу. Таң калам, ошол жылдары мугалимдер айлап, атүгүл жылдап эмгек акысын
ѳз убагында албай калышкан. Алышса да акчалай эмес, мѳѳнѳтү ѳтүп кеткен ун, самын беришкен. Ошондо да иш таштоо эмне экендигин билбей, азыркыдай шарты бар мектепте эмес, суук, жылытуу системалары иштен чыккан класстарда, тамтыгы чыккан эски, жыртык китептер, акиташтан ѳздѳрү жасап алышкан бор менен окуучуларга билим беришкен. Ошол мезгил кесибин чын жүрѳктѳн сүйгѳн, келечек мууундун билим алуусуна, эртеңине кайдыгер карабаган чыныгы мугалимдерди иргеп, элеп алган болчу.

Апамдын кѳп күчү, энергиясы, ден соолугу ошол жылдардагы муунду окутуп-тарбиялоого кетти. Апамдагы барга каниет кылуу, жокко сабыр кылуу сапаты эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары бекемделсе керек.

Менин апам — жаңычыл мугалим. Заман агымы менен кошо окутуунун усулдары, ыкмалары жаңыланып турат эмеспи. Мугалим да күн сайын изилденип, ѳз алдынча окуп-билим алып турбаса, коомдон ѳз ордун табуусу кыйын. Апам да заман талабына ылайык, ар дайым ѳз билимин ѳркүндѳтүп, бир нече билим берүү демилгелерин колдоо фонду уюштурган курстардан окуп, «Кадам артынан кадам», «Сынчыл ойлом», «Өзгөчө кырдаалда билим берүү», «Билим берүү стандарттары», «Заманбап окутуу» программаларын үйрѳнүп, практика жүзүндѳ колдонуп, инновациялык, интерактивдүү ыкмаларды пайдаланып сабак ѳтүп, кѳп ийгиликтерди жаратуу менен бирге мектеп мугалимдерине усулдук жардам берүүнүн үстүндө да эмгектенип келет.

Окутуу-тарбиялоо жараянында апамдын миссиясы — азыркы заман агымында окуучулардын турмуштан ѳз ордун таап, адам болуу менен негизги математикалык билимдерди, түшүнүктѳрдү колдоно билүүсү.

Апам үчүн мугалим — бул адамзатынын тарбиячысы, устаты. Ал өзү да мугалим болуп эмгектенгенине сыймыктанып, окуучуларды терең билим алууга шыктандырып, туура кесип тандоодо кеңеш берип, турмуштан ѳз ордун табууда акыл айтып, жол кѳрсѳтүп келет.

Апам үчүн окуучу — бул инсан. Окуучуга негизги билимди берүүдѳ аны эң биринчи инсан катары карайт. Инсанга багыттап окутуу усулунун теориялык билимдерин окуп-үйрѳнүп, практика жүзүндѳ ар бир баланы кандай болсо, дал ошондой кабыл алып, анын инсандык «МЕН» деген чекитин таап билим берүүдѳ.

Апам үчүн жетишкендик — бул окуучунун, инсандын «Мен» чекитин табуу, аларга таасир этүү менен билим алууга шыктандыруу. Ошонун натыйжасында окуучулары математика предмети боюнча олимпиадаларда жыл сайын райондук, облустук турларга катышып, байгелүү орундарга жетишүүдѳ.

Апам үчүн мектеп — бул экинчи үй. Ѳзүнүн кандайдыр бир сыйкыр күчү менен апамды ѳзүнѳ тартып турган билим уясында апам педагогикалык жамааттагы жаңы идеялардын демилгечиси, жаш мугалимдердин кеңешчи-насаатчысы. Апамдагы айкѳлдүк, кечиримдүүлүк сапаттары азыркы демократиялуу коомдон алган таасиринен улам болсо керек.

Менин апам — чек арачы мугалим. Апам үчүн эң маанилүү нерсе — бул эл-журттун тынчтыгы. Анткени апам чек ара аймагындагы айылда жашайт. Чек арада кээде коркуп, кээде ыйлап, бирок эртеңинен үмүтүн үзбѳгѳн эл менен тагдырлаш болуп, мамлекеттин чек арасын коргоп жашайт.

Апам айтат: «Жаман улут жок, жаман адамдар болушу мүмкүн», - деп. Мамлекеттик эмес уюмдардын долбоорлору менен иштешип, жаш муундарга «Толеранттуулук деген эмне?», «Конфликттин алдын алуунун жолдору» сыяктуу семинар-тренингдерди уюштуруп келет. Кыргыз-тажик мамилесинин курчуп турушу, маселенин чечилбеши, чоңдордун кайдыгер кѳз карашы апамдын жүрѳгүн оорутат.

Апам үчүн эң кымбат — бул Ата Мекенибиз Кыргызстан, чек ара. Ѳлкѳбүздүн ѳсүп-ѳнүгүүсү үчүн талбай жаш муундарды окутуп-тарбиялаган – менин апам. Апам: Сыйлыкка, бийликке умтулбагыла. Ак иштегиле, талбай эмгектенгиле. Сыйлык да, бийлик да силерди ѳзү издеп келет», - деп ар дайым айтат.

Апамдын 48 жылдык эмгеги бааланып, төмөнкүдөй сыйлыктарга татыган:
- Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы;
- Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы;
- Т.Садыков атындагы орто мектебинин ардак грамотасы;
- 2 жолу Баткен районунун Элге билим берүү бөлүмүнүн грамотасы;
- 2 жолу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы;
- Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы;
- «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси;
- Баткен районунун 70 жылдык юбилейине карата медаль.

Ал эми мен үчүн апам — аалам, жашоо, кубаныч.

Апамдын жаш мугалимдерге кайрылуусу: «Бүгүнкү жогорку технологиянын ѳнүккѳн заманында азыркы жаш муундун ой жүгүртүүсү укмуштуудай тездик менен ѳнүгүүдѳ. Ошондуктан бүгүнкү күндүн мугалими бекем билимге ээ болуусу, тынбай изденүүсү, ѳз алдынча окуп-үйрѳнүүсү, чыгармачылык менен жаңы технологияларды колдоно билүүсү, азыркы жаш муундун психологиясын ѳздѳштүрѳ билүүсү зарыл. Мамлекет алынын жетишинче жакшы шарттарды түзүп берүүдѳ. Мектеп жашоосуна, мугалимдин ишине кѳңүл бурбаган заман артта калды. Мугалим балага билим гана бербестен, коомчулук менен: жергиликтүү ѳкмѳт, билим берүү борборлору, ата-энелер, долбоорлор, демилгечилер, атайын уюдар менен да иш алып баруусу шарт. Мугалим ордун мектептен гана таппастан, качан коомдон ордун тапканда кадыр-баркка ээ болуп, сый урматка татыйт».

Сиз дагы мугалим - апаңыз тууралуу жазып, Билим АКИpress сайтына жөнөтсүңүз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up