Алайдагы мектеп-интернатка 6 компьютер принтерлери менен тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Алай районундагы Кадырмамат уулу Абдразак атындагы мектеп-интернатына жеке ишкер Кымбат Дүрсүнбаевдин демөөрчүлүгү менен акыркы үлгүдөгү компьютерлер толук топтому менен тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бир кезде өзүнүн мугалимдик кесибин ушул интернаттан баштаган ишкер бул мектептеги көйгөйдү толук билет. Андыктан мезгил-мезгили менен ата-энесинен ажыраган балдарга кийим-кече, мектепке ар кандай жабдууларды алып келүүнү адат кылып алган. Ал 28-май күнү да ата-энесинен ажыраган 5 окуучуга жайкы кийимдерди алуу үчүн акча каражатын берип, алардын жайкы эс алуусу жакшы өтүшүн каалады.

Ушул эле күнү бул мектеп-интернатка дагы бир ишкер тарабынан 5 жылуу жууркан тапшырылды. Улуу Рамазан айында жасалган мындай кайрымдуулук иштерине мектеп жамаатынын атынан директор Талант Калдыбаев ыраазычылык билдирди.

Жабдыктарды тапшыруу иш-чарасына Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов катышып, жеке ишкердин келечек муундар үчүн көргөн камкордугуна ыраазычылыгын билдирди. Жеке ишкер муну менен эле чектелбестен, айрым окуу класстарын заманбап абалга келтирип, оңдоп-түзөп берүүгө да сөз берди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up