Кара-Сууда Ош облустук «Манас жаштары» уюмунун конференциясы өттү

Билим АКИpress - Ош облустук «Манас жаштары» уюмунун 6-конференциясы Кара-Суу районуна караштуу «Чолпон» орто мектебинин базасында болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Конференцияга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектеп директорлору, «Манас жаштары» уюмунун жетекчилери жана уюмдун лидерлери катышышты.

Кезектеги 6-конференцияда акыркы 2 жылдан бери жүргүзүлгөн иштердин отчету жана уставга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү талкууга алынды. Акырында сунуштардын негизинде токтом кабыл алынып, уюмдун иштерин жакшыртуу боюнча милдеттенмелер айтылды.

Иш-чарада мектептерде тартипти сактоодо, кылмыштуулуктун алдын алууда, өспүрүмдөрдү мекенчилдикке тарбиялоодо «Манас жаштары» уюмунун таасири жана лидерлердин иши тууралуу айтылды.

Конференциянын соңунда алдыңкы окуучулар менен жетекчилерге уюмдун облустук кеңешинин ардак грамоталары тапшырылды. Ошондой эле «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам!» аттуу аймактар аралык сынактын облустук турунун жеңүүчүлөрү тарабынан концерттик программа тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up