Караколдогу Х.Карасаев лицейин 28 бүтүрүүчү аяктап жатат (сүрөт)

Билим АКИpress - Каракол шаарынын К.Жантөшев атындагы драма театрында Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучуларынын бүтүрүү кечеси өттү. Бул тууралуу аталган лицейдин мугалими Адилет Тентиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бул жылы лицейди 28 бүтүрүүчү аяктап жатат.

Бүтүрүү кечесинде өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү жана социалдык мониторинг бөлүмүнүн башчысы Эркин Кененбаев куттуктоо сөзүн айтып, эң алдыңкы 3 бүтүрүүчүгө белектерди жана медалдарды, ал эми мугалимдерине ардак грамоталарды тапшырды.

Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова лицейдин жамаатын куттуктап, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалагандан кийин республикалык олимпиададан жеңип чыгып, дүйнөлүк олимпиадага жолдомо утуп алган лицейдин 5 окуучусуна белектерин берип, мугалимдерине араазычылык баракчаларын тапшырды.

Мындан сыркары, бүтүрүү кечесинин коноктору Ысык-Көл облустук Билим берүү институтунун жетекчиси Кубанычбек Шарипов, Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин башкы директорунун орун басары Амир Султанмуратов, Бишкектен келген лицейдин демөөрчүлөрү, лицейдин 10 жылдык, 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү жана ата-энелер болушту.

Кече лицейдин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, белгилүү акын Аалы Туткучев жана эстрада жылдыздары Ильяз Андаш, Жан Сабыров чыгармаларын аткарышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up