Нарындык студенттер облус жетекчилиги менен жолугушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Президенттик аппараттын инспектору жана облустагы куратору Илим Аттокуров, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Таштанбек Сияев жана окуу жайдын түзүлүшүнө салым кошкон Алмазбек Акматалиев студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

28-майдагы жолугушууда облус башчы студенттердин окуусуна ийгиликтерди каалап, келечектин ээси болгон жаштардан көптү үмүт кыларын айтты. Андан соң үстүбүздөгү жылы облуста кандай иштер аткарылгандыгы тууралуу маалымат берди.

«Дубандын мындан ары да өнүгүп-өсүшүнө жаштардын салымы зор. Жаштар аркылуу келечек курулат. Андыктан, студенттер мыкты окушу үчүн колдон келишинче шарт түзүүгө аракет жасап жатабыз. Силердин коомго кошкон эң чоң пайдаңар — мыкты окуган студент болуу», - деди А.Кайыпов.

Жолугушуу суроо-жооп менен уланды. Студенттер өздөрү кызыккан суроолорун берип, жооп алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up