Кара-Көлдөгү жайкы окуу лагерине 1 миң 854 окуучу катышууда

// Turmush

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарындагы жайкы окуу лагерине жалпы 1 миң 854 окуучу катышып жатат. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, окуу жөндөмүн күчөтүү максатында USAID уюштурган «Келгиле, окуйбуз!» долбоору шаардын бардык мектептеринде ишке ашырылууда. Анын алкагында окуучулар адабий көркөм китептерди окуп, «Ким тез окуйт?», «Жомок бизде мейманда», «Окуганымды айтып да, аткарып да бере алам» деген сыяктуу окуу көндүмдөрүн колдонуп жатышат.

Окуучулар жайкы эс алуу учурунда кызыктуу китептерди окуп, түшүнгөнүн айтып берүүгө шыктанып, аткаруу чеберчиликтерин өздөштүрүп, көңүлдүү сабактарга катышууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up