Республикалык «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюнунун жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде 28-май күнү республикалык «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну болуп өттү. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдан билдиришти.

Аталган таймаш буга чейин «Ийгилик жолу» ыктыярчылар клубу тарабынан өлкөнүн 7 областындагы бардык мектептер арасында өткөрүлүп келген. Анда 1-орунду камсыз кылган 150 окуучу финалдык турга ата-энелери жана класс жетекчилери менен келишти.

Иш-чаранын максаты — окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү жана интеллектуалдык билимин жогорулатуу.

«Бул интеллектуалдык оюнду өткөн жылдын декабрь айында өлкөбүздун жер-жерлеринде өткөрө баштаганбыз. Бүгүн жыйынтыктоочу турун Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдык мааракесине карата, ошондой эле Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын жыйынтыктап республикалык деңгээлдеги бул иш-чараны уюштуруп жатабыз.

Таймаш биз күткөндөн да жогорку деңгээлде өттү. Келип берген катышуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге терең ыраазычылык билдиребиз. Албетте, бул иш-чара ушуну менен токтоп калбайт. «Ийгилик жолу» ыктыярчылар клубу мындан ары да ишин уланта берет», - деди «Акыл таймаш» долбоорунун демилгечиси жана уюштуруучусу, техника илимдеринин кандидаты Акбермет Матыева

Таймаштын финалдык турунун жыйынтыгында 1-орунду Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ж.Кайыпов атындагы мектептин окуучулары камсыз кылышып, тайпадагы 5 окуучу ЭИТУга 4 жыл бою акысыз окууга сертификат утуп алышты.

2-орунду камсыз кылган Баткен областынын Кадамжай районундагы Б.Алыкулов орто мектебинин окуучулары 25 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Ал эми 3-орунду камсыз кылган Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Э.Кендирбаев мектебинин окуучулары 15 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Калган катышуучуларга китептер жана активдүү катышкандыгы үчүн дипломдор ыйгарылды.

«Биз 20 команданын ичинен суурулуп, 1-орунду алганыбызга толкунданып отурабыз. Бизди бул таймашка даярдап жиберген кыргыз тили, тарых мугалимдерине терең ыраазычылык билдиребиз. Үзгүлтүксүз даярданганыбыздын үзүрүн көрүп ЭИТУга акысыз окууга 5 жолдомо алдык. Бул үчүн окуу жайга дагы бир ирет ыраазычылык билдирем», - деди Ж.Кайыпов атындагы мектеп окуучуларынын класс жетекчиси Арзыбек Султанбеков.

Таймашта калыстар тобунун курамына Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы маданият бөлүмүнүн башчысы Асанкадыр Советжан, Билим берүү жана илим министрлигинин «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү» секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, И.Раззаков атындагы КМТУнун ага окутуучусу, тарыхчы Эркин Үтүров, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ага окутуучусу, кыргыз тилчи Кадыржан Жусупкелдиев жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү Айзаратбек Эсенов кирди.

4 саатка созулган интеллектуалдык оюн жыйынтыкталып, сыйлыктар тапшырылган соң келген катышуучуларга шаар ичине жана «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине экскурсия уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up