Кыргызстандагы чыр-чатактуу чоң лицейге жаңы директор келди (резюме)

школа-лицей имени Айтматова, сокулук
школа-лицей имени Айтматова, сокулук

Билим АКИpress - Ч.Айтматов атындагы №1 Новопавловка инновациялык окуу-тарбиялык комлекс-лицейинин директору болуп Умралиева Самаркүл Кыдырмаевна дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрликтен жаңы директордун резюмесин беришти.

Билими:

- 1977-1982-жж. — Россиянын В.Маяковский атындагы Мичурин мамлекеттик педагогикалык институту. Квалификациясы — орус тили жана адабияты мугалими, методист;

- 1989-1990-жж. — Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Квалификациясы — орус тилдүү мектептер үчүн кыргыз тили жана адабияты мугалими.

Билим берүү уюмдарындагы жана мамлекеттик кызматтардагы тажрыйбасы:

- 1982 -1985-жж. — Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

- 1985-1990-жж. — Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук орто мектебинин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары;

- 1990-2004-жж. – Чүй облусунун Ысык-Ата райондук билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары, башкы адиси;

- 2004-2019-жж. – Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы.

Сыйлыктары:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук билим берүү отличниги (1996);

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын отличниги (2011).

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up