Алыш мектебинин окуучулары «Жооптуу бол» сынагында байгелүү орунга ээ болду

Билим АКИpress - Нарын районундагы Алыш орто мектебинин окуучулары райондогу мектептер арасында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча «Жооптуу бол» деген темадагы сынакка катышты. Жыйынтыгында алар 3-орунду камсыз кылышкан.

Сынак Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган «Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун негизинде уюштурулду. Алыш мектебинин окуучулары 3-даражадагы диплом жана баалуу белектер менен сыйланган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up