Баткенде окуучулар «Таза шаар» акциясына чыгышты

Билим АКИpress - Баткен шаардык мэриясы тарабынан шаардын тазалыгын сактоо үчүн үч айлык жарыяланган. Бул иш-чарага мектеп окуучулары дагы активдүү катышып жатышат.

Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде уюштурулган «Камера балдардын колунда» долбоорунун негизинде окуучулар өз ыктыяры менен «Таза шаар» акциясына чыгышты. Бул жүрүш «Биз таза шаар үчүн» урааны менен өтүүдө.

Аталган мектептин директору Гүлжамал Ысманова жетектеген класс жетекчилер, 5-6-7-8-10-класстын окуучулары көчөдөгү таштандыларды тазалап, иретке келтирип жатышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up