Ак-Талаада 486 бөбөк бала бакча менен коштошту (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бала бакчаларда «Кош бол, бакчам!» аттуу кече өтүп, 486 бөбөк бакчаны аяктады. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Талаадагы 22 бала бакчада кичинекей бөбөктөрдүн бүтүрүү кечелери уюштурулуп, ага ата-энелер катышкан. Кеченин жүрүшүндө тарбиялануучулар тарабынан чакан концерттик программалар тартууланып, жомоктор көрсөтүлдү.

Быйыл район боюнча жалпы 22 бала бакча иштеп, аларда 1 миң 623 бала тарбияланды. Алардын ичинен 486 тарбиялануучу бала бакча менен коштошту. Ал эми кичинекей бөбөктөргө 114 тарбиячы билим жана тарбия берген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up