Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунда окуучулардын эмгектери көргөзмөгө коюлду

Билим АКИpress - Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунда жыл жыйынтыгы чыгарылып, көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, 30-май күнү облустук чыгармачылык борбордогу миңден ашуун окуучунун эмгектери көргөзмөгө коюлуп, жыл жыйынтыктоочу концерттик программасы тартууланды. Туризм жана экология бөлүмү тарабынан ар кайсы багытта мастер-класстар да уюштурулган. Ал эми улуттук маданият бөлүмүндөгү ийримдин окуучулары көркөм ырларды окуп, ырдап беришти.

Салтанаттын соңунда мыкты окуучулар менен ийримдин мугалимдери, облустук жана республикалык сынактардын жеңүүчүлөрү чыгармачылык борбор тарабынан ардак грамоталар менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up