Республикалык сынакка Оштон барган Нуркыял баш байгени жеңип, Ысык-Көлгө жолдомо алды (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Республикалык «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам!» сынагынын финалдык баскычында Ош облусунан катышкан Нуркыял Шайлообаев баш байгени жеңип, Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо алды. Бул тууралуу анын мугалими Дилярам Нуралиева билдирди.

Анын айтымында, сынактын финалдык баскычы Бишкек шаарында өткөн.

«Ош облусунун атынан барган Нуркыял Шайлообаев 7-11 жаш курактагы балдар арасында вокал боюнча «Кара-Шоро» аттуу ырды ырдап, баш байгеге ээ болуу менен Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алды.

Ал эми Айза Бекболотова деген кызыбыз комузда кол ойнотуп, «Саринжи-Бөкөй» күүсү менен 3-орунга жетишсе, Гузал Ташполотова деген кызыбыз кыл кыяк чертип, өзгөчө сыйлыкка ээ болду. Анткени кыл кыяк боюнча сынакка өлкө боюнча биздин облустан гана жалгыз катышуучу барыптыр. Мындан улам ал Билим берүү жана илим министрлигинин грамотасы менен сыйланып, Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алды», - деди Д.Нуралиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up