Терек айылындагы бала бакчада 3 иш-чара бир убакта белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылындагы «Тереке-Береке» бала бакчасында бир учурда 3 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу аталган бала бакчанын башчысы Мээрим Шергазиева аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 31-май күнү бала бакчада композитор Калый Молдобасановдун 90 жылдыгына жана Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата иш-чаралар, ошондой эле «Кош бол, бакчам!» аттуу кече бир убакытта белгиленди. Ага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, айыл өкмөт башчысы Съездбек Мыктыбеков, ата-энелер жана айыл тургундары катышты.

Иш-чаранын алгачкы бөлүгү К.Молдобасановдун 90 жылдыгына арналды. Анда кичинекей бөбөктөр композитор тууралуу көркөм ырларды айтышып, обондуу чыгармаларынан аткарып, анын өмүрү, чыгармачылык жолу жөнүндө баяндап беришти.

Андан соң 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата балдар туурасында ырларды ырдап, бий бийлеп, сахналаштырылган эпизоддорду коюшту. Балдар майрамына карата айыл өкмөтүнөн 15 миң 400 сом каражат бөлүнүп, 67 балага белектер таратылган.

Иш-чара «Кош бол, бакчам!» аттуу кече менен аяктады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up