Баетовдогу мектепке 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 55 миң сомдук интерактивдүү такта тартуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Э.Карасартов атындагы орто мектеби интерактивдик такталуу болду. Бул тууралуу аталган мектептин директору Венера Мырзалымбекова билдирди.

10-20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечелери өлкөнүн бардык аймактарында, мектептерде кызуу белгиленип жатат. Ушундай салтанат Баетов айылынын Э.Карасартов атындагы орто мектебинде да уланып, жолугушууга чогулган 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепке илим-техниканы алдыга сүрөө, техникалык базаны чыңдоо, жаш муундардын билим алуусун жакшыртуу максатында 55 миң сомдук интерактивдүү тактаны белекке беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up