Москва районундагы бала бакчанын жамааты ардагер агартуучулар менен жолугушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районундагы «Солнышко» бала бакчасындагы бөбөктөр, ата-энелер жана тарбиячылар бакчанын алгачкы жана ардагер агартуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган бала бакчанын башчысы Жазгүл Ахматова аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, «Солнышко» бала бакчасы 1971-жылы ачылган. Андан бери 48 жыл өттү.

«Учурда бакчада эмгектенип кеткен 7 ардагерибиз бар. Биз аларды жолугушууга чакырдык. Эң улуусу — Садовое айылынын 80 жаштагы тургуну Николай Фаменко. Ал убагында музыка мугалими болуп көп жыл эмгектенген. Азыр да райондогу «Колына» өздүк көркөм чыгармачылык тобунда музыкалык баян аспабында ойнойт.

Агартуучу ардагерлер бакчага келишип, бөбөктөрдүн жашоосу менен таанышты. Ата-энелер жана тарбиячылар менен аңгемелешти. Бөбөктөргө кызыктуу аңгеме курушуп, азыр ата-эне болгон тарбиялануучуларынын бала күндөрүн эскеришти. Ошону менен бирге бакчанын бүтүрүүчүлөрүнүн кечесине катышты.

Салтанатка катышкан 7 ардагерге өзгөчө маани берилип, ар бири бакчанын ардактуу инсандары экендиги белгиленди. Бөбөктөрдүн, тарбиячы, ата-эне жана ардагерлердин мындай жолугушуусу өтө таасирдүү тарбиялык мааниге ээ», - деп айтып берди Ж.Ахматова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up