Баткен облусу боюнча 24 окуучу «Алтын тамга» аттестатына ээ болушту

Билим АКИpress - Баткен облусу боюнча «Алтын тамга» тестирлөөсүнө жалпы 74 окуучу катышкан. Алардын арасынан 24 бүтүрүүчү тесттен ийгиликтүү өтүп, артыкчылык аттестатына ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, бул окуучулардын ичинен 6 бүтүрүүчү — Кадамжай районунан, 1 — Сүлүктү шаарынан, 5 — Баткен районунан, 12 бүтүрүүчү — Баткен шаарынан. Тестирлөө 4 предмет боюнча жүргүзүлгөн.

«Алтын тамга» артыкчылык аттестаты мектептин эң алдынкы окуучуларына берилет. Ошондой эле алар мамлекеттик сынактардан бошотулат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up