Кара-Сууда мектептерде ысык тамак уюштуруу боюнча талкуу жүрдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Суу районунун В.Ленин атындагы орто мектебинде ысык тамак уюштуруу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага 34 мектептин директорлору, камкорчулар кеңешинин төрага-төрайымдары жана ата-энелер комитеттери катышты.

Семинарда райБББнын усулчусу К.Кабулов камкордук кеңешинин укугу жана милдети, райондук борборлоштурулган эсепканасынын башкы эсепчиси М.Калбаев ысык тамакты уюштуруудагы финансылык иштер, райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери А.Тойчиев ашкананын санитардык абалы, таза суу, канализация боюнча баяндама жасашып, маалымат беришти. Ал эми БУУ БДАТПнын кызматкери М.Адыков мектептерде толук шарт түзүлсө, мектептер менен тыгыз байланышта болуп, иштешерин айтты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up