Жайыл районундагы бүтүрүүчүлөр алгачкы сынактарды тапшырышты (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Бүгүн, 3-июнда Чүй облусундагы бардык билим берүү мекемелеринде бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сынактары башталды. Бул тууралуу Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Венера Эгембердиева аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 9-11-класстардын окуучулары бүтүрүү сынактарын тапшырышты.

«Чүй облусунун Жайыл районундагы жалпы билим берүүчү 41 мектеп бүтүрүү сынактарына талаптагыдай даярдыктарды көрүшкөн. Анда 9-класстардын 1 миң 815 окуучусу математика сабагынан тестирлөөдөн өтсө, 11-класстардан 652 окуучу окутуу жүргүзүлгөнүнө жараша кыргыз жана орус тилинде эссе жазышты», - деп айтып берди В.Эгембердиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up