Жерге-Тал айылында «Көкөн-Булак» жайлоо бала бакчасы ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы Көкөн-Булак жайлоосунда жайлоо бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу «Аруу-Нур» бала бакчасынын башчысы Айгүл Чылымова билдирди.

Бүгүн, 3-июнда «Аруу-Нур» бала бакчасынын алкагында ачылган «Көкөн-Булак» жайлоо бала бакчасы жай мезгилинде малчылардын балдарын окутуп, тарбиялоо максатын көздөйт. Ачылыш аземге райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Динара Исаманбетова жана жергиликтүү тургундар катышты. Ал эми жергиликтүү тургун Мамбеткалый Артыков балдарга бээнин сүтүн, кымыз ичүүгө шарт түзүп, бээ байлаган.

Жаңы ачылган бала бакчага учурда 30 бала кабыл алынды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up