Ак-Талаадагы бала бакчанын жамааты облустук сынакта байгелүү орундарды алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарында облустук «Мыкты тарбиячы» жана «Мыкты бала бакча» сынактары өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, «Мыкты тарбиячы» сынагында Ак-Талаа районундагы «Кадыралы» бала бакчасы 2-орунду камсыз кылды. «Мыкты бала бакча» сынагында да аталган бала бакчанын тарбиячысы Айзат Басабаева 3-орунду ээледи. Байгелүү орундарды алгандарга уюштуруучулар тарабынан диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up