Москва районундагы бөбөктөр бала бакча менен коштошту (видео, сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районундагы «Солнышко» бала бакчасында «Кош бол, бакчам!» аттуу коштошуу кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган бала бакчанын башчысы Жазгүл Ахматова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага ата-энелер, тарбиячылар жана бөбөктөр катышты.

Ж.Ахматованын айтымында, бала бакчадагы бүтүрүүчүлөрдүн коштошуу кечеси жыл сайын белгиленип келет. Быйыл кыргыз жана орус тайпалардагы 53 тарбиялануучу бакча менен кош айтышууда.

«Биздин кош кабаттуу бакча 1971-жылы ачылган. Андан бери жарым кылымга тете убакыт өттү. Бул убакыт аралыгында бир топ педагогикалык, методикалык жактан ишмердүүлүгү артып, материалдык-техникалык базасы чыңдалган. Ошондой болгон күндө да ар мезгилдин талабы ар түрдүүчө болот эмеспи. Жакынкы жылдардан баштап окутуу-тарбиялоонун инновациялык жаңы табылгаларына басым жасап келебиз. Бакчабыз жаңы техникалык жабдуулар менен камсыздалып, түрдүү заманбап окуу куралдары, дидактикалык материалдар менен байытылган. Негизи, бакчада ар бир бала жана тарбиячы үчүн толук шарттар түзүлгөн. Ошондон улам тарбиячылардын иштөө тажрыйбаларын арттыруу, жайылтуу максатында байма-бай семинар, жолугушуу, саякат жана түрдүү кечелер өткөрүлүп турат.

«Кош бол, бакчам!» аттуу кечебиз көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Өзгөчө, бакчанын бүтүрүүчүлөрү өз өнөрлөрүн катышуучуларга тартуулашса, эң кичи тайпадагы бөбөктөр бий менен аларды бакчадан узатты. Апалардын кечеге арналган бийи жагымдуу музыканын коштоосунда кол чабууларга татыды. Бүтүрүүчү 53 бала түрдүү номинацияда ардак грамоталарды алышып, китеп жана гүлдесте менен сыйланышты.

Чындыгында, ар бир бала өзгөчө талантка ээ. Анын ачкычын ачуу үй-бүлө менен бакчадан башталып, мектепте улантылат. Жакында болуп өткөн райондук «Сары-Өзөн чолпондору» кароо-сынагында бакчабыздын 6 жаштагы тарбиялануучулары Акыл Мухамбетов менен Ариет Мамашарипов «Жаш манасчы» номинациясына татыктуу болушту. Аларга кечеде ардак грамоталарды тапшырдым. Салтанаттын соңунда балдарыбыз асманга шарларды учуруп, бакчасы менен кош айтышты», - деп айтып берди Ж.Ахматова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up