Таластагы №2 мектепте жайкы лагерь уюштурулду (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Талас шаарындагы Р.Рысакова атындагы №2 орто мектебинде жайкы лагерь уюштурулду. Бул тууралуу аталган мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Үмүт Тойгонова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, лагерде 1-4-класстардын окуучулары атайын даярдалган программа боюнча эс алып жатышат.

Лагерь мектепте 3-июндан баштап иштей баштады. Жалпысынан 100 бала келип, жайкы эс алуусун көңүлдүү өткөрүп жатышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up