Кара-Сууда таланттуу балдардын концерти тартууланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Суу районунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Таланттуу балдар — тазалыктын дүйнөсү» аттуу көргөзмөлүү концерттик программа уюштурулду. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Анын маалыматына караганда, иш-чарага Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Т.Матраимов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Машрапова жана райондогу таланттуу балдар катышты.

Иш-чаранын алкагында Т.Матраимов тарабынан 100 окуучуга белектер тартууланды. Ошондой эле ар бир мекеме-ишкананын жетекчилери райондогу бала бакчалардагы балдарга белектерин беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up