Нарындагы ЖКККБ кызматкерлери интернаттагы балдарга белектерди беришти (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарында Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык салтанаттар уюштурулуп, балдарга белектер берилди. Майрамда Нарын облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери балдардын коопсуздугун камсыздоо менен бирге аларга белек тапшырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирген.

«Нарын облустук ЖКККБ кызматкерлери тарабынан Балдарды коргоо күнүнө карата жол кырсыктарын алдын алуу максатында посттор уюштурулду. Кызматкерлер иш менен гана чектелбестен, Нарын шаарындагы академик Ү.Асанов атындагы Нарын облустук лицей жатак-мектебиндеги окуучуларга шахмат, топ жана жайкы баш кийимдерди белекке беришти. Аз болсо да көңүлдөн чыккан белектерди балдар кубануу менен кабыл алышты», - деди К.Өмүрзаков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up