Жумгалдагы бала бакча Нарын облусу боюнча мыкты деп табылды (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Нарында облустук «Жылдын мыкты бала бакчасы» сынагы өтүп, анда Жумгалдагы «Шабданбек уулу Алтынбек» атындагы бала бакча 1-орунду багындырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган бала бакчадагы 6 тайпада 216 бала тарбияланат. Аларга тарбия берүүдө 32 кызматкер эмгектенет.

Андан сырткары, ушул эле бала бакчанын тарбиячысы Перизат Мурзаканова «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагында 3-орунду камсыз кылды. Ал көп жылдан бери тарбиячылык кесипти аркалап, балдардын ар тараптуу өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Райондук деңгээлде өткөн иш-чараларда ачык сабактарды өтүп, өзүнүн иш тажрыйбаларын кесиптештеринин арасында бөлүшүп турат. Буга чейин да башка сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп келген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up