Кара-Көлдө дилбаян жазган окуучулар мэриянын сыйлыгын алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарында 15-майдан 15-июнга чейин «Биздин балдар — планетанын келечеги» аттуу 1 айлык жарыяланган. Анын алкагында Балдарды коргоо күнүнө карата 11 жаштан 15 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында «Менин үй-бүлөм» деген темада дилбаян жазуу сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынактын жыйынтыгында бир катар мектептердин окуучулары Кара-Көл шаардык мэриясынын ардак грамотасы менен сыйланышты. Алар:

- Ч.Түлөбердиев атындагы №2 мектептин окуучулары Нурдинова Бегимай, Темирбаев Элмырза, Өскөнбаева Гүлазил, Рысбекова Сыргайым;

- Д.Шопоков атындагы №4 орто мектептин окуучулары Сакышова Аяна, Боронбаев Баяман, Нурзатбекова Зейнеп;

- Т.Темиров атындагы №6 орто мектептин окуучулары Оморбекова Зарина;

- Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуучулары Кадыров Касымалы, Жоломанова Айсезим, Молдоканова Назбийке, Садыржанов Баатыр, Жайнарбекова Кадича;

- Хүриев атындагы №5 орто мектебинин окуучулары Мамырканова Жазгүл, Бактыбекова Бермет.

Бул иш-чара үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, балдар менен ата-энелердин мамилелерин өнүктүрүү, маданий массалык эс алуу жана спорттук иш-чараларды өткөрүү максатында уюштурулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up