Ошто мектеп турмушун социалдык желелерде чагылдыруу боюнча семинар-тренинг өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы № 52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинде 4-июнь күнү «Мектеп турмушун социалдык желелерде чагылдыруу» аталышында семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Р.Закиров билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарындагы мектептердин медиа боюнча жооптуу кызматкерлери жана башка жаш мугалимдердин катышуусунда өткөн иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында уюштурулду.

Семинар-тренингдин биринчи бөлүгүндө журналист Тургунбай Алдакулов «Мектеп жаңылыктарынын текстин даярдоо жана социалдык желелерге жайгаштыруу» деген темада баяндама жасаса, экинчи бөлүгүндө түркиялык блогер Зафер Динжер «Мектеп турмушун сүрөт аркылуу чагылдыруу» деген темада өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

2018-2019-окуу жылынын башында Ош шаарындагы бардык мектептерде медиа-борборлор түзүлүп, медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу жаатында бир топ усулдук иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up