Машыгуу: Алайдагы мектептен чыккан өрт өчүрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Алай районунда өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, машыгуу райондун борборундагы Парманас атындагы орто мектепте өтүп, негизги тапшырма бөлмөдөн чыккан өрттү өчүрүү жана окуучуларды бул кырсыктан куткаруу болду.

Машыгууга райондогу 53 мектептин директорлору катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери мептептеги өрттү кантип өчүрүү, жабыркаган жарандарга алгачкы жардам көрсөтүү жана эвакуациялоо керектигин көрсөтүп беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up